super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкектеги түнкү унаа жарыштары аны уктатпай жатканына арызданды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 1-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Түштүк магистралда түнкү маалда орун алган унаа жарыштары аны уктатпай жатканы боюнча Бишкек мэрине арызданды.

“Түнкү саат 2:00-3:00 чамаларында аталган көчөдө айдоочулар жарышышат. Көп учурда МАИ кызматкерлери аларды коштоп жүрүшөт. Унаа жарыштарын өткөрүүгө мэриядан уруксат берилгенби? Мен ошол аймакта жашайм. Унаалардын үндөрү түнү менен уктатпай жатат”,- деди депутат.

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ал көчөдө жума сайын рейддер жүрүп жатканын маалымдады. “МАИчилер ошол көчөгө барганда жарышчылар башка жерге кетип калышууда. Мындай түнкү жарыштарды өткөрүүгө мэрия уруксат берген эмес”,- деп жооп берди Кулматов.

Андан соң депутаттар мэрге бул маселени өз көзөмөлүнө алууну тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: