Нарын. Майрамдын алкагында 2 миңден ашуун балага балмуздак таратылды










Быйыл Нарын шаарында 1-Июнь - Балдарды коргоо күнү "Алма-Бак" сейил багында белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы билдирди.
Белгилүү болгондой, майрам Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманованын балдарга арналган куттуктоосу менен башталды. Балдар үчүн уюштурулган майрамдын жүрүшүндɵ концерттик программа тартууланып, ага активдүү катышкан бала бакчалардын тарбиялануучуларына атайын белектер тапшырылды. Ал эми «Бекер балмуздак» акциясында шаардык мэрия жана башка демɵɵрчүлɵр тарабынан 2 миңден ашуун балага балмуздак таратылып, эс алуу жайына келген балдар арасында асфальтка сүрɵт тартуу сынагы ɵткɵрүлүп, жеңүүчүлɵр белектерге ээ болушту. Мындан сырткары «Кадам», «Аруу тилек» реабилитациялык борборлорунда тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды шаар жетекчилиги жеринен куттуктады.
Белгилей кетсек, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо максатында 1-июндун алдында шаардын мерчемдүү жерлерине лозунгдар илинип, аталган сейил бакты иретке келтирүү жана тазалоо иштери, жасалгалоо жүргүзүлүп, сахна орнотулган.

