super.kg logo
  Саясат  

Салык кызматынын атайын фондунун корун 50 пайызга чейин көтөрүү демилгеленүүдө

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 1-июндагы отурумунда Салык кызматынын жана салык кызматкерлеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап чыкты. 

Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун айтымында, ушу тапта Салык кызматынын иш-милдети кыйла кеңейтилүүдө. "Социалдык фонддун төлөмдөрүн чогултуу милдети дагы бизге жүктөлдү. Ал эми салык кызматкерлеринин орточо маянасы 7-9 миң сомду түзөт. Бул өтө аз. Айрым кызматкерлер салыкты жашырып, ортодо пайда табуу иштерине аралашууда. Ошондон улам өкмөт Салык кызматынын атайын фонд корунун каражатын азыркы 25 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүү демилгесине колдоо көрсөттү",- дейт ал.

Талкуунун жүрүшүндө атайын фонддун кору көбөйтүлсө, бюджеттен жылына 117 миллион сом кошумча каражат талап кылынат. Атайын фонддо салык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр, Салык кызматынын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу чаралары каралган.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: