ЭЛДИК КАБАР: ГЭС-2 аймагында ичине суу толгон кудук ачык бойдон турат




Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан ГЭС-2 аймагындагы Мектеп көчөсүндө ичине суу толгон кудук ачык бойдон турат. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Ушундай ачык, суусу бар кудуктарга ким жооптуу? Канчалаган кичине балдар чөгүп кетишти. Ушул жерде мектеп бар, кичинекей балдар ойношот. Буга жаш балдар эмес, чоңдор деле түшүп кетчүдөй",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
2

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Кабар жоноткон адам азамат! Ушундай майда чуйдо койгойлорду чечиш керек.