Ош. Студенттин көмөгү астында балдар үйүнүн 20 тарбиялануучусу Сары-Челек көлүндө эс алып келди








1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы "Боорукердик" балдар үйүндө тарбияланган 20 бала Сары-Челек көлүндө эки күн эс алып келди. Идеянын автору жана демөөрчүсү ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин 5-курсунун студенти Нурпери Кулчунова болду. Ага 1-июнда окуу жайдын ректору Каныбек Исаков административдик кеңешмеде “Ыраазычылык катын” тапшырып, жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.
Эс алуу учурунда балдарды ОшМУнун таланттуу студенттери коштоп, ыр-бийлерин тартуулашып, тамак-ашын даярдашып, спорттук оюндарды ойноп, бир туугандык мээримин көрсөтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Liliia

02.06.2015. 09:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кана эми биздин депутаттар да ушинтип жаш балдарга конул болсо
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.