super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн 12 балдар мекемесине жалпы суммасы 3 миллион 600 миң сомдук каржылык колдоо көрсөттү

 

1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкөнүн 12 балдар мекемесине президент Алмазбек Атамбаевдин атынан акча сертификаттарын салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Мамлекет башчынын буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Уюштуруу фондунан өлкөнүн балдар мекемесине каржылык колдоо көрсөтүү максатында 3 миллион 600 миң сом бөлүндү.

Жардам алуучулардын арасында жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган 5 балдар үйү, Билим жана илим министрлигинин системиндеги жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн 4 мектеп-интернат жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин системиндеги 3 балдар үйү бар.

Мамлекет башчынын атынан президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев балдар мекемелеринин башчыларын Балдардын эл аралык күнү менен куттуктап, жасаган эмгеги жана ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Балдар мекемелеринин башчыларына кайрылып Нарымбаев балдар дайыма кам көрүүгө жана коргоого муктаж экенин айтты. “Балдар - биздин жашообуздун маңызы. Биз балдар үчүн жашайбыз жана эмгектенебиз, сыймыктанчу өлкөнү алар менен бирге кургубуз келет”,- деди Нарымбаев.

Жолугушуу учурунда мамлекет тарабынан социалдык колдоо, билим жана саламаттыкты сактоо жаатында түрдүү программалар даярдалып, ишке ашырылып жаткандыгы белгиленди. Балдардын кызыкчылыгын жана укугун коргогон ченемдик база бар, эл аралык укуктун ченемдеринин жана принциптеринин негизинде түзүлгөн, аларды ишке ашыруу механизми өнүктүрүлүүдө. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан, Данияр Нарымбаев белгилегендей, алардын иш жүзүндөгү жыйынтыктары мамлекет жана коом тарабынан жетишерлик эмес деп бааланууда.

"Биз болгон күч-кубатыбызды ар бир баланын негизги укугун камсыз кылууга – бактылуу балалыкка болгон укугун камсыз кылууга жумшашыбыз керек. Биздин кичинекей мекендештерибиздин жашоосу кырсыктардан, кыйынчылыктардан жана кылмыштардан корголууга тийиш. Ар бир баланын кыялы ишке ашып, биздин балдарыбыз өнүгүп-өскөн, тынч жана туруктуу мамлекетте жашашы керек”,- деп белгиледи аппарат жетекчиси.

Өз кезегинде балдар мекемелеринин башчылары көңүл бургандыгы жана көрсөтүлгөн каржылык колдоосу үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдиришти.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: