super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө биринчилигинде "Алай" менен "Кейжи Юнайтед" 3 күндө 2 ирет ойноп, жалпы 14 гол киргизишти

 

30-майда футбол боюнча өлкө чемпиондугунда Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу бишкектик "Кейжи Юнайтед" менен беттешти. Беттеш Балдарды коргоо күнүнө карата уюшулган иш-чаралардан улам
А.Сүйүнбаев стадионунда эмес, Кара-Суудагы "Манас" стадионунда орун алды. 27-майдагы оюндан жакшы сабак алышканбы, бул беттеште "алайлыктар" 5 гол киргизип, ошол эле учурда дарбазасын "кургак" сактап калышты. 

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосунда андан 3 күн мурун орун алган беттеште "Алай" 7:2 эсебинде жеңишке жетишкен. 6 упай үчүн (же болбосо 2 оюндагы жеңиш) болгон тирештерде командалар жалпысынан 14 гол жаратышты. Албетте, "Алайдын" көп гол киргизип жатканынан мурда "Кейжи Юнайтед" клубунун көп гол өткөрүп жатканын белгилей кеткенибиз жөн. Себеби быйылкы сезондо 7 оюн өткөзгөн бул команда атаандаштын дарбазасына 8 гол тоголоткону менен, 33 ирет топту өз дарбазасынан алып чыккан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2015. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..."АЛАЙ" делай делай го!)
02.06.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай катуу чыгып атат окшойт. Э ошондо Сүйүмбаев стадиону Алайдын стадионубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: