Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү





















Ош шаарында 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы балдар, ата-энелер, мугалимдер катышты. Майрамдык иш-чаранын негизинде “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин алдында шаардык мэрия тарабынан “Бактылуу балалык” аттуу балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.
Ага улай Токтогул атындагы сейил бактын жайкы аянтчасында балдар үчүн майрамдык концерттер, улуттар ассамблеяларынын куурчактарынын көргөзмөлөрү жана балдардын фестивалы болду.
Шаар мэри балдардын татыктуу таалим-тарбия, жетиштүү билим алуусуна, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү шаардык мэриянын негизги милдети экендигин белгиледи.
“Балалык - бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар. Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат. Бардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын”,- деди А.Кадырбаев.

