Эльвира Сариева: “Буга чейин министрлик университеттерге өтүүдө босого баллдарын ылдыйлатып келген, натыйжада билим берүүнүн сапаты начарлады”

“Буга чейин министрлик ЖОЖдорго өтүүдөгү босого баллдарын ылдыйлатып келген, натыйжада билим берүүнүн сапаты начарлады”. Мындай пикирин КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтканын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди. Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик же жеке жогорку окуу жайлары болобу, аларга өтүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөгү босого баллы бүтүрүүчүлөр үчүн 110дон өйдө болушу кажет. Андан ылдый балл алган абитуриенттин окуу жайга өтүүгө укугу жок.
“Биз ата-энелер менен абитуриенттерди алдай албайбыз. Эгер бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 110 баллдан ылдый алса, бул анын “3” деген баа алганынан кабар берет. ЖРТнын системи абитуриенттин жогорку окуу жайларда өз деңгээлинде окуп кетүү мүмкүнчүлүгүн баалап чыгат. Мурда Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайга өтүү босого баллдарын түшүрүп келген, мунун айынан билим алуу сапаты бир топ начарлаган”,- дейт министр.




1 |