super.kg logo

Чүй, Талас жана Бишкекте тургундардын электр тогунан жабыркабоосу үчүн профилактикалык иштер жүргүзүлдү

 

Чүй, Талас жана Бишкек шаарынын кичинекей тургундарына электр тогунан жабыркабоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мекеменин адистери “Электр тогу”, “Электр шаймандары”, “Электр шаймандары менен иштөөдөгү техникалык коопсуздук”, “Электр көмөк чордондору” деген темада башталгыч жана орто класстардын окуучуларына тарбиялык мааниге ээ, кызыктуу сабактарды өтүштү. Ошондой эле электр чубалгы тирөөчтөрдүн жанында ойноонун канчалык коркунучтуу экени түшүндүрүлүп, айтылган эрежелерди билүү, аны кичинекей балдарга үйрөтүү жана чоңдорго эске салуу маанилүү экени айтылды.

16 жашка чейинки балдардын электр тогунан жабыркоосунун негизги себептери күчтүк калкакка,  трансформатордук көмөк чордондорго, бөлүштүргүч пункттарга жана башка электр-маанектерге кирүү, бузулган электр жабдууларга жакындоо, үзүлгөн зымдарды кармоо, электр коюлган жерлерде ойноо болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: