super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салынганы жатат

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында өлкөдө полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу демилгеси талкууланды.

Демилгечи депутат Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, полиэтилен (целлофан) баштыктары шаарларды жана айылдарды булгоодо. "Алардын түбөлүккө чирибей жер кыртышын кирдетүүсү, жаратылышка тийгизген терс таасири дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө. Жыл сайын ондогон миллиард баштык пайдаланылат. Мындай баштыктардын арзандыгынан, салмагы жана көлөмү аздыгынан кайра иштетүү чөйрөсүндө дагы талап кылынбагандыгы көйгөйдү курчутуп жатат. Полиэтилен баштыктарынын ордуна экологияга терс таасир тийгизбеген кагаз же көп ирет пайдалануучу баштык жана эл арасында "авоська" деп аталуучу тор баштыктарды колдонуу туура",- деп түшүндүрдү Иманкожоева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: