Бишкекте Айдоочулар ассоциациясынын өкүлдөрү оор жүк ташуучу унаалар жолдорду талкалап жатышканын дагы бир ирет айтып чыгышты




Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясы Хово аттуу оор жүк ташуучу унааларды жолдорго чыгарбай, карьерлерге гана токтотуу керек экенин бүгүн, 2-июнда маалымат жыйынында билдиришти. Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясынын төрагасы Жолдошбек Абдыкасымовдун айтымында, Хово унаасынын өзүнүн накта салмагы 17 тонна, ал эми бизде 24 тоннадан өйдө жүк ташууга уруксат жок.
“Хово унаасын биздин эле жарандар айдап жүрүшөт. Алар күндүз айдашпайт, түн ичинде гана. Күндүз болсо тоого коюп коюшат. Биз жолдун талкаланып жатышына каршыбыз, анткени бул оор жүк ташуучу унаа жүк салгандан кийин 48-50 тонна болот экен. Маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө 700-1500дөй Хово унаасы бар. Биз Транспорт министрлигинен суранат элек, ушул унаалар жалаң гана карьерлерде жүрүшсө. Мисалы, бул үлгүдөгү унаа Казакстан жана Түркмөнстанда жүрбөйт жана киргизилбейт”,- дейт айдоочу.







1 |