super.kg logo

Кыргыз жергесинин жүк ташуучулары Кытайда миң долларга чейин айып пул төлөп кыйналышканы айтылууда

 

“Кыргыз жергесинин жүк ташуучулары Кытайда миң долларга чейин айып пул төлөп кыйналышууда”,- дейт бүгүн, 2-июнда маалымат жыйын учурунда КРнын Жүк ташуучу айдоочулар ассоциациясынын мүчөсү Малик Качаганов. Анын айтымында, КРнын оор жүк ташуучу унаалары Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген. Тилекке каршы, алар Кытайдын мыйзамында белгиленген унаа параметрлеринен 5 сантиметр узун болгондугуна байланыштуу кыргыз айдоочулары чоң айып пулга жыгылышууда.

“Эки тараптуу келишимге ылайык, 50 жүк ташуучу унаа Кытайдан биздин өлкөгө жана ушунча эле унаа кыргыз жергесинен Кытайга кирүүгө укуктуу. Бирок биздин жарандар болбогон бир айырмачылык үчүн миң доллардан төлөп жатышса, бизде жүргөн кытайлык жүк ташуучулар белгиленген нормадан 2 метр ашыкча узундуктагы унааларды айдап жатышат. Бул жерде коррупция өкүм сүрүп жатканы анык көрүнүп турат, анткени биздин өлкөдө жүк ташуучу унаалардын узундугу 18 метр 10 сантиметр болсун деп жазылган, а кытайлыктар 20 метрден ашык жүк ташуучу унаа менен ээн-эркин жүрүшөт”,- дейт айдоочу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде деле жайнап журот кытайдын
оор жук ташуучу авто унаалары.
Жол кайгуул кызматкерлери
штраф салса болот эле.
Алар 30-40тонналык салмак менен
журушот жолду эле эмес копуролорду да бузушуп атат.
03.06.2015. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киргизбеш керек жолду бузуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: