super.kg logo
  Саясат  

Спирт ичимдиктери менен тамекини жарнамалоого тыюу салуучу мыйзам долбоору демилгеленди

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Маалыматка таянсак, мыйзам долбоорунун концепциясы алкоголдук продукцияга жана тамекиге кызыгууну түзүүгө жана колдоого, алардын сатылышына көмөктөшүүгө арналган алкоголдук ичимдиктер жөнүндө ар кандай жарнактык маалыматты жайылтууга тыюу салууну киргизүүгө багытталган. Максат - ушундай жол менен өлкөдөгү алкоголдук продукцияны керектөөнүн масштабын төмөндөтүү. Демилгечилер бюджеттин толушундагы алкоголду жарнактоодон түшкөн каражаттан алкоголь жана тамекинин өзгөчө жаштарга болгон терс таасири ашып түшөрүн айтышууда.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: