super.kg logo

Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жараны каза таап, дагы бир мекендешибиз оор жаракат алды

 

Орусиянын Москва шаарында 1-июнда Москва убактысы боюнча саат 04:00 чамасында Украина унаа жолунда Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 25-14SAL) менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Мунун кесепетинен 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Алардын экөө Кыргыз Республикасынын жарандары болуп чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алардын өздүгү такталды.

Каза болгон кыргыз жараны 1959-жылы туулган Чынара Таирова экени анык болду. Ал Ош облусунун Араван районунун жашоочусу болгон. Учурда ал Реултов шаарынын өлүк сактоочу жайында.  

Ал эми оор жаракат алып, Москва шаардык №1-ооруканага түшкөн кыргыз жараны Темир Мусалиев 1992-жылы туулган. Ал Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну экени белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.06.2015. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына сабырдуулук тилейм.

Күтүлбөгөн кырсыктан Кудайым өзү сактасын.
03.06.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кырсык каш мн кабактын ортосундаа дейткоо
03.06.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыркы күндөрү жол кырсыгы Москва шаарында көбөйүп кетти. Украинага алып чыккан айдоочулар жанын жегидей айдашат. Баргандан, келгенге чейин 500 рублдан сурап шаштыңы кетиришет. Балдарымы багам деп жүрүп бул.эже да наабыт болду. Эми балдарын ким багат? Жаткан жери жайлуу болсун!
03.06.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындарына терен конул айтабыз!Жаткан жери жайлуу болсун.Кырсык айттырбай келет дегендей аман эле болгула кыргыз элим!
03.06.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажал айтып келбейт... Чынара эжеге Ата Мекенинен топурак буюруп, жаткан жери жайлуу болсун! Темирге темирдей бекем ден-соолук!
03.06.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун!биз айдоочу башкаларды куноолойбуз,Алла таала алгысы келсе уйундо олтурган жеринде деле алып коет ,айдоочу себе болуп кана калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: