super.kg logo
  Саясат  

Каржы министри Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

 
Кечээ, 2-июнда КРнын Каржы министрлигинде мекеменин башчысы Адылбек Касымалиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти жетектеген делегациянын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалым болгондой, жолугушуунун максаты Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Жолугушууда муниципалдык инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору жана өлкөнүн энергетика секторундагы каржылоо мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле кыргыз жергесинин мамлекеттик карызынын туруктуулугу жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеп кылынды. 
Маалымат үчүн: Өз ишин баштагандан, тагыраак айтканда, 1993-жылдан бери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) башка инвесторлордон 640 миллион АКШ долларын мобилизациялоо менен экономиканын ар кайсы тармактарындагы 100дөн ашуун долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына 600 миллион АКШ долларынан ашуун каражатты инвестициялаган. 2009-2011-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын экономикасы глобалдык кризистин кесепеттерин жон териси менен сезип жаткан кезде, ЕРӨБ жалпы суммасы 270 миллион АКШ долларын түзгөн 37 долбоорду ишке ашырып, 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам берип жана гранттык кошо каржылоону жүргүзүп, өзүнүн колдоосун күчөткөн. 63 өлкө жана 2 өкмөттөр аралык институт мүчө болгон ЕРӨБ рынок экономикасын жана демократияны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: