Премьер-министр: "Өкмөт кыргыз мамлекетинде бизнести колдоону улантат"
Премьер-министр Темир Сариев 2-июнда Ысык-Көл облусундагы "Звероферма" насостук станциясынын ачылышына катышты. Маалыматка таянсак, 1974-жылы курулган станция акыркы жылдары иштебей калган. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин билдиришинче, быйыл 1-майга карата станция капиталдык оңдоодон өттү жана ал 600 гектар талааны суу менен камсыздоого жөндөмдүү. Өкмөт башчы бир катар чарбалык мекемелерде да болуп: "Өкмөт мындан ары да кыргыз мамлекетинде бизнести колдоону улантат",- деп белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

