Жогорку Кеңеште депутаттар Чолпон Султанбекова менен Мурадыл Мадеминовдун ортосунда уруш чыкты
Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов


Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңеште мигранттардын маселеси каралып жатканда вице-спикер Чолпон Султанбекова менен депутат Мурадыл Мадеминовдун ортосунда талаш жаралды. Буга Султанбекованын депутат Мадеминовго сүйлөөгө убакыт бербей койгону себеп болду.
Автор: Нургазы Аматов
Башында Мадеминов ага берилген убакытты процедуралык маселеге коротуп салган болчу. Ал эми маселе талкууланып жатканда ал 2 мүнөттү башынан берүүнү талап кылды. Вице-спикер макул болбой койгондо депутат "сиз төраганын орун басары кызматына мыйзамсыз келгенсиз" деп айыптады. Буга Султанбекова: "Мен бул орунга шайланып жатканда сиз жыйынга келген жоксуз, демек, добуш берүүгө катышкан эмессиз. Ошондуктан айткан сөзүңүз үчүн соттолушуңуз мүмкүн",- деп жооп берди. Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды ынтымакка чакырып, чырды токтотту.
Айта кетсек, жыйында Орусияга барып эмгектениш үчүн паспортторундагы маалыматтарды өзгөртүүгө мажбур болгон 40 миң кыргыз жаранынын маселеси талкууланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

