"Кумтөр" боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды
Бүгүн, 21-февралда Парламент жыйынында “Кумтөрдү” изилдөө боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчёту боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.Анда аталган мамлекеттик комиссиянын отчёту эске алынып, өкмөт менен Башкы прокуратурага бир катар тапшырмалар берилди.Белгилей кетсек, 20-21-февралдагы ЖКнын жыйынында аталган Мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгы комиссиянын мүчөлөрү, премьер-министр баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Centerra Gold inc” компаниясынын жетекчилиги менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, тоо-кен тармагы боюнча адистер, жарандык коом өкүлдөрү катышуусунда талкууланды.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















