Укук коргоочу: “Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад облусундагы камакта турган 10 гектар жери акырындан сатылууда”



Кадыржан Батыровдун Жалал-Абад облусундагы камакта турган 10 гектар жери акырындан сатылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда маалымат жыйын учурунда укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди. Анын айтымында, камакта турган айдоо аянттары турак жай курууга берилүүдө.
“Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ирригатор айылындагы айдоо аянттары 6 сотугу 5 миң доллардан мыйзамсыз сатылууда. Бул ишке Сузак районунун администрациясынын башчысы, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо башкармалыгы, Экологиялык жана техникалык инспекциясы өз ара токтом чыгарып, коррупциялык схема менен жерди сатышууда. Айдоо аянттарын учурунда сактап калбасак, кийин чатырыбыздын үстүнө топурак сээп буудай өстүрүп калбасак болду”,- деди укук коргоочу жана Сузак районунун тургуну.

