super.kg logo

Ош облусунун тургуну: “Бейтааныш 3 адамдын ур-токмогуна кабылып, бирок акырында мен күнөөлүү болуп калдым

 

"Бейтааныш 3 адамдын ур-токмогуна кабылып, бирок акырында мен күнөөлүү болуп калдым". Бул тууралуу бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун 67 жаштагы тургуну Исак Маразаков маалымат жыйынында билдирди. 

Былтыр 29-сентябрь күнү жумушумдан чыгып үйүмө баратканда жолдо отурган 40 жаштардагы 3 адамга “Эмне кылып жатасыңар?” деп айтып койгонум үчүн сабалдым. Жерге жыгылып баратып, кокусунан колумдагы мылтыктан ок чыгып кетти. Аны айыл тургундары, баарыбыз чөөлөрдү өлтүрүш үчүн көтөрүп жүрөбүз. Кийин эсиме келсем, мылтыгымды алып коюшуптур, үйгө эптеп жетип, денем ооруганынан арак ичкем. Бир аздан кийин милиция кызматкери келип мени экспертизага алып барып, "бул мас абалында болчу экен" деп жыйынтык чыгарып берди. Анан да ур-токмоктон эки кабыргам сыныптыр. Дарыгерлер "ооруканага жатпасаңыз, өпкөңүзгө суу толот" дешкенинен ооруканага жаттым. 12 күндөн кийин кийимимди алмаштырып алайын деп үйгө келсем, мага карата "бейбаштык кылды" деп күнөө тагып, 48 саатка камакка алышты. Учурда өлкөдөн чыкпоо боюнча кагаз берилди. Паспорт жана мылтыгым азыр тергөөчүдө, мага карата ишти Кара-Суу райондук соту кароодо.

"Биздин өлкөдө деги акыйкаттык барбы?" деген суроо менен эми коомчулукка кайрылып жатам",- дейт аксакал.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
03.06.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ийилет бирок сынбайт эмеспи Аксакал. Адилеттуулук сиз тарапта болуусуна ишенимдебиз. Анткени баланыз менен тендер сизге кол которууго акысы жок!
03.06.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмактар десе
03.06.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озу аксакал адамга кандай болгон кундо да кол которгон болбойт...бирок аксакал жашынызда арак ичпей эле койсонуз болмок экен...жондон жон сизди сабашса арак ичкендин ордуна милицияга озунуз кайрылбапсыз...анан мылтыгыныз озуноно озу атылып кетпейт го...коркутайын деп атсаныз керек мас абалынызда...бирок кырсыктан кудай сактаптыр
03.06.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арак эмнелерге гана алып барбайт.Мас болсо керек жондон жон эле мага бироо келип Эмне кылып жатасын?деген суроону берсе жон эле деп жооп бермекмин.Айтуусуна караганда мас абалында озу барып тийишкен.Аксакал дегим келбейт анткени создорунон жалгандын жыты анкып турат.Бир аягыныз гордо турганда аракты сизге суутуп коюппу.
03.06.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67 где чыгып жатып ичкениниз туура эмесо сизге окшогондордун айынан бизде аксакалдарды эчким укпай калбадыбы
03.06.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аксакалга анча ишенбедим. Эмне кылып жатасынар деп койсо эле алар сабап салышыптыр анан колунан мылтык озунон озу атылып кетиптир тооба. Анан уйуно барып арак ичсе милиция алып кетиптир... ушу кантип болсун эми? койун аксакал Пайгамбар жашта экенсиз арак ичкениниз озу чон катачылык болот. Жалганды да азыраак айтыш керек да тем болээ сакалы болсо улгу болуш керек да аксакал.
03.06.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окшошпой каптыр жомогу чалды
04.06.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-ден сабаган адамдар мылтыгын алып коюп анан сабайт. Кокусунан атылса тийип кетпесин деп. 2-ден аксакал айылда ыймандуу болсо мастарда уялат каяша айтпайт, мумкун бирге ичип отуруп анан урушуп кеткендир, анан сабалып калгандыр. Азыр айылга барсан аксакалдар менен коксакалдар деле шилекейи агып тойлордо кочолордо мас журушот. Аксакалдарга караганда жаштарыбыз кичине болсо да ыймандуу болуп баратат. Билбедим мага ошондой сезилип калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: