super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште паспорт берүү милдетин кайрадан Ички иштер министрлигине берүү тууралуу сунуштар айтылууда

 

3-июнда Жогорку Кеңеште Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында жарандарга паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз берген фактылары жөнүндөгү маселе каралууда. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын паспорттору коңшу мамлекеттердин жарандарына, издөөдө жүргөн жарандарга, каза болгондорго, чет өлкөлөрдөн депортацияланып келгендерге жана башка жарандарга берилип кеткенин, жасалма паспорт менен кармалгандар 500-2000 долларга паспорт алгандыгы боюнча көрсөтмө беришкени тууралуу маалыматтар айтылды. Ошону менен катар кармалган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 100дөн ашуун документтердин жасалма мөөрлөрү алынганын кошумчалашты. 

Депутат Таалайбек Ибраев жаңы айдоочулук күбөлүгүн алгандардын жол кырсыгына кабылышына талдоо жүргүзүлгөнүн, ага ылайык, 1 жылдык тажрыйбасы бар айдоочулардын жол кырсыгына кабылышы 47 пайызга күчөгөнүн тактады. ИИМдин маалыматына ылайык, 271 адамдын паспорту кайра алынган. Коррупциялык схемалар аныкталып, ортомчулар кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 40 миң адамдын баары идентификациялык номерин (ПИН-код) алмаштырбаганын түшүндүрүп берди.

Талкуунун жүрүшүндө паспорт берүү маселесин кайра Ички иштер министрлигине берүү тууралуу сунуш айтылды. Учурда суроо-жооп уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: