Темир Сариев Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун ачылышына катышты
Өкмөт жетекчиси Темир Сариев бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондун ачылыш аземине катышты. "Ысык-Көл - кыргыз бермети жана биздин байлыгыбыз. Биз аны сактап, туура пайдаланышыбыз керек",- деген премьер-министр туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. "Биздин өлкөгө келген конокторго аяр жана меймандостук мамиле кылуубуз шарт. Ошондо Ысык-Көл туристтик Меккеге айланат",- дейт Сариев.
Өкмөт башчы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү Ысык-Көл үчүн гана эмес, бүтүндөй республиканын өнүгүшүнө таасирин тийгизерин кошумчалап, муну айтты: "Ысык-Көл тартип орногон жана мыйзам иштеген курорттук аймакка айланышы керек".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

