super.kg logo

Ош. 500дөн ашык окуучу үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу пландалууда

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин окуучуларынын жайкы эс алуусу үчүн лагерлерди уюштуруу иштери кызуу жүрүүдө. Учурда башкармалыкка 31 мектептен мектеп алдындагы эс алуу лагерлерин уюштуруу боюнча буйрутмалар келип түштү. Алардын окуучулардын эс алуусу үчүн түзгөн шарттарын, жалпы эле даярдыгын шаардык мэриянын өкүлдөрү, өрт коопсуздугу жана билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлеринин курамынан турган комиссия текшерүүдөн өткөрөт. Жыйынтыгында 15тен ашуун мектеп алдында түзүлгөн лагерлер тандалып алынат. 

Мындан сырткары акылуу лагерлер да уюштурулууда. Анда кеткен каражат окуучунун ата-энеси тарабынан бөлүнүп, Ысык-Көлдө жана Өзгөн районунда эс алып келишет. Окуучулардын жайкы эс алуусун уюштурууга кеткен каражат Ош шаардык мэриясы тарабынан жакынкы күндөрү чечилет.

Эске салсак, өткөн жылкы каникулда 500дөн ашуун окуучу жайкы лагерлерде эс алган. Ал эми быйыл окуучунун саны мындан да көбөйүшү күтүлүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: