Бишкекте медицина жабдыктарынын жана дары-дармектердин көргөзмө-жарманкеси өтүүдө


























Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги Спорт Ордосунда медицина тармагына тиешелүү болгон бардык каражаттардын жана дары-дармектердин “Медицина-2015” аттуу эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Мааракелик иш-чара быйыл 10-ирет өткөрүлүп, 6-июнга чейин уланат. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Беларустун жана өлкөбүздүн 70тен ашуун ар кандай компаниялары катышууда.
Көргөзмөнүн алкагында “Кыргыз өлкөсүндө саламаттыкты сактоо жумалыгы” аталышындагы форум өтүүдө. Жарманкеге медициналык заманбап жабдыктар, дары-дармектер, витамин жана фитоазыктар, атайын медициналык китептер, реабилитация жана профилактика үчүн каражаттар, ден соолукту чыңдоочу техникалар жана саламат жашоого керектүү делген товарлар коюлган. Мындан тышкары жарманкеде балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын колунан чыккан сувенирлер сатылууда.

