Бишкекте маркум ырчы Фархад Кеңешбек уулунун жаркын элесине арналган ордо оюну боюнча мелдеш уюштурулду







1-3-июнь аралыгында Бишкекте ырчы, ордо оюну боюнча бир нече жолку чемпион, маркум Фархад Кеңешбек уулунун (ырдап чыкканга чейинки аты Бархат болчу) жаркын элесине арналган ордо мелдеши болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашуун спортчу катышты. Ар бир командада 7 оюнчу, бирден машыктыруучу болду. Жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы, 2-орунду Бишкектин командасы, 3-орунду Талас районунун командасы утту.
Кошумчалай кетсек, ырчы 2014-жылы апрель айында Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгына кабылып көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

озунун чын аты ошондой болсо керек да