super.kg logo

Өмүрбек Текебаев Жалал-Абадда жаштарды колдоо борборунун ачылышына катышты

 

Бүгүн, 3-июнда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад шаарында жаштардын демилгесин колдоо борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Борбордун негизги иш багыты – жаштарга билим берүү, аларды заманбап маалымат технологияларын үйрөнүүгө окутуу. Бул - электрондук документ жүгүртүү жана жалпы санариптик сабаттуулук тутумуна өтүү боюнча "Санариптик мамлекет" мамлекеттик саясатын колдоо алкагындагы партиянын долбоорлорунун бири.

"Электрондук кызматташуунун заманбап тутумуна өтүү менен кыргыз мамлекети глобалдуу маалымат мейкинине кирет. Буга эң алгач биздин жаштар мыкты даярдыкта болуусу абзел. Компьютер калем же калем сап сыяктуу эле күнүмдүк буюмга айланып калышына жетишүүбүз керек",- деп белгиледи Өмүрбек Текебаев.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: