super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте миграция жана качкындардын абалы боюнча маселелер талкууланды

 

Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарында Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы иш-чаранын катышуучулары миграция жана качкындардын абалы боюнча маселелерди талкуулаганын билдирди. 

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Тьери Мариани жана ЕКПАнын аталган комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибине коюлган миграция көйгөйлөрү, чыр-чатак болгон аймактарда көбүнчө балдар менен аялдардан турган жабыркагандар менен качкындарга гуманитардык жардам берүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанисине жана миграция процесстерине байланыштуу маселелерге басым жасалды.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: