super.kg logo

Милиция Ош шаарынын көп улуттуу калкы менен жолугуп, аларды чагымчыл күчтөргө биргеликте каршы турууга чакырды

 

2-июнь күнү Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош шаарынын Туран кичи районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолгушууда С.Өмүрзаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат берди.

Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, жашоочулар ар кандай ушак тараткандарга карата милиция тарабынан жүргүзүлгөн иштерге ыраазычылык билдиришти. Эң башкысы, укук коргоо органдары күн-түн дебей иштеп, улуттар аралык ынтымакты орнотуп, жергебизге туруктуулук камсыз кылышты. Тынчтык болсо баары болорун баса белгилеп, көп улуттуу Оштун калкы тынчтыкты каалай тургандыгын жана бейпилдикти бузууга аракеттенген ар кандай чагымчыл күчтөргө улутуна карабай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, укук коргоо органдары менен биргеликте каршы турууга чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: