Алай. Согонду айылында тоодогу жаракадан улам 14 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүү керектиги айтылды
Алай районунун Ленин айыл аймагындагы Согонду айылында 2-июнь күнү саат 08:00 чамасында айылдын түндүк чыгыш тарабындагы тоо кыркаларында жарака пайда болуп, 14 турак жайга коркунуч келтире баштаган. 3-июнда ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Кыргыз ГИИЗ ишканасынын адистери көчкү коркунучу пайда болгон жердеги кырдаалды ордунда иликтеп, 14 турак үйгө жер көчкү коркунучу байкалгандыгын аныкташкан.
Натыйжада ӨКМнын Алай райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан Ленин айыл аймагынын башчысына 14 турак үйдүн тургундарын башка коопсуз жайга убактылуу көчүрүп туруу жагы оозеки эскертилди. 4-июнда эскертме айыл аймагына кат түрүндө берилет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.