Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Владимир Путин менен жолугушту
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 3-июнда Москва шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын быйыл июль айында Уфада өтүүчү жыйынына даярдык көрүү алкагында тышкы иштер министрлери мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты. ТИМдин маалыматына таянсак, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышуу орун алды. Жыйындын алкагында министрлерди Орусия президенти Владимир Путин кабыл алганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

