Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн кызматташуусу боюнча 16 документке кол коюлду
4-июнда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери катышты. Ал эми Молдова, Украина жана Түркмөнстандын министрлери байкоочу катары катышып жатат.
Ал эми кеңешме катышуучулары 3-июнда күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулаган соң күжүрмөн даярдык, эл аралык аскердик машыгуу, ошондой эле биргелишип аскердик окууларды өткөрүү боюнча 16 документке кол коюшту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

