super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө губернатор деген сөздү кошуу сунушталууда

 

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө губернатор деген сөздү кошууну сунуштап жатабыз”,- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 21-февралда ЖКнын жыйынында. Ал бул сөздү депутат Исмаил Исаковдун “эмне үчүн губернатор деген түшүнүктү кайрадан алып келип жатасыз?” деген суроосуна жооп катары айтты. “Губернатор деген сөздү киргизүү менен облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн милдеттери өзгөргөн жок. Аларга өзүнчө каражат да бөлүнбөйт. Болгону, губернатор деген эле сөздү кошууну сунуштадык. Себеби эл аларды губернатор деп айтууга көнүп калган” ,- деди премьер-министр. Мындан сырткары Жантөрө Сатыбалдиев алгач административдик реформаны чечип алган соң аймактык реформаны жүргүзүүгө өтөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: