Асылбек Жээнбеков акыйкатчынын 19 күндүк иш сапары тууралуу: "Эч бир чиновникке мындай узак иш сапар берилген эмес"
Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат Наталья Никитенко акыйкатчы Бактыбек Аманбаев 2014-жылы аткарган иши боюнча маалымат берүүдөн баш тартып жатканын айтты.
Автор: Нургазы Аматов
"Комитет ар кандай себептер менен 5 жолу акыйкатчынын отчётун уга албай калды. Башында Б.Аманбаев ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Андан кийин башка бир маанилүү иш-чарага катышкандыгына байланыштуу да комитетте маалымат берген эмес. Эми ал 19-июнга чейин иш сапары менен Бельгияга кетиптир. Акыйкатчы парламентке толук жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек",- деп арызданды Никитенко.
Төрага Асылбек Жээнбеков депутат менен макул болду. "Парламенттик отурумга чакырылган кызматкер сөзсүз түрдө келиши керек. Эч бир чиновникке мындай узак 19 күндүк иш сапар берилген эмес",- деген пикирин айтты төрага.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев 4-5-июнда Брюссель шаарында (Бельгия) өтө турган акыйкатчылардын эл аралык конференциясына катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

