super.kg logo

"Өлкө калкынын 37 пайызы жакырчылыкта жашайт" дейт Темир Сариев

 

Өлкө калкынын 37 пайызы жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда “Баланын үй-бүлөдө жашоого укугу: жыйынтыктарды чыгаруу жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоо” аттуу улуттук форумдун ачылышында КРнын Премьер-министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны азаюуда.

2012-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 115 800 болсо, 2014-жылы 105 500 болгон, ал эми быйылкы жылдын апрелине карата 104 000 үй-бүлөнү түздү.

2015-жылдын 1-январына карата кыргыз жергесинде жашы 18ге жете элек балдардын саны 2 миллион 235 миң, бул жалпы калктын 40 пайызын түзөт. Эл аралык стандарттарга ылайык, биздин өлкө жаштардын мамлекети болуп эсептелет. Акыркы үч жылда багып алууга 2420 бала, ал эми камкордукка 3808 бала алынган. Ошол эле учурда өлкөдө үй-бүлөдө жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун көп болуп жатканын массалык маалымат каражаттары күн сайын беришүүдө. Бул маселе менен күрөшүүгө өкмөт болгон күчүн жумшоодо”,- дейт Сариев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.06.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элуу пайызы десе деле адашмак эмес.
05.06.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу 50% чиновниктер болсо конечно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: