Өмүрбек Текебаев Исхак Пирматовду депутаттык мандатын эркекче тапшырууга чакырды
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев депутат Исхак Пирматовду мандатын эркекче тапшырууга чакырды.
"2011-жылы И.Пирматов мага жана менин иниме күнөө тагып, "эгер күнөөлөр чындыкка туура келбей калса, мандатымды тапшырууга сөз берем" деп убада берген. Ал айткандары стенограммага жазылган. Стенограмма - бул документ. Ал эми быйыл сот ал айткан күнөөлөрдү "далилсиз" деп тапты. Эгер ал жигит болсо, мандатын тапшырсын. Пирматов 5 жыл дем алыш алды, бирок мандаттын мөөнөтү бүтөт, ал эл алдында жооп бериши керек. Депутат Эркин Алымбеков "Кумтөр" маселеси боюнча жеке позициясына бекем туруп, мандатын тапшырарын айтып, эркекче тапшырган",- деди Текебаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















