super.kg logo
  Саясат  

Кочкор районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты оор абалда

 

Нарын облусунун Кочкор районундагы 1953-жылы курулган Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты оор абалда. Бул тууралуу маселени 4-июнда Жогорку Кеңеште депутат Майрамкүл Тиленчиева көтөрдү. 

Анын айтымында, 35 миң каттоо документи сакталган имараттын чатырынан суу кирет. Саман кыш менен курулган дубалынын ар кайсы жеринен жарака кетип, кооптуу жагдай түзүлгөн. Элге кызмат көрсөтүүгө эч кандай шарт жок. 

Депутат андан кийин райондогу дыйкандардын көйгөйүнө токтолду. 

“Ал эми ушул эле райондун Чолпон айылында 300 гектар жер сугарылбай келүүдө, анткени каналдар тазаланбай жатат. Дыйкандар техника жагынан жардам берсеңер, кол кабыш кылып, каналдарды тазалап алалы деп жатышат”,- дейт Тиленчиева.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: