super.kg logo

Башкы прокуратура Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевге карата эки берене боюнча кылмыш ишин козгоду

 

Башкы прокуратура Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевге карата “кызмат абалынан аша чапкандык” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында Максат Чакиев чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштаган. 28-май күнү Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү, Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: