Саламаттыкты сактоо министри мигранттардын балдары дарт менен төрөлгөн учурлар көп экенин айтты




"Орусияда учурда балдарын таштаган кыргыз жарандары көп болууда". Муну бүгүн, 4-июнда улуттук форумдун жүрүшүндө КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, болочок энелер көп учурда жетпеген турмуштун айынан жана жанында тууган-уруктун жоктугуна байланыштуу баланы эмес, жумушту тандап, төрөгөндөн соң наристелерин таштап кетишүүдө.
“Көп учурда жаш энелер боюнда бар кезинде өзүнүн жана баланын ден соолугуна туура кам көрбөй, жыйынтыгында наристелер кандайдыр бир дарт менен төрөлүп калышууда. Буга байланыштуу өлкөдө төрөткө даярдоо мектептеринин санын көбөйтүү керек деп эсептейм. Учурда төрөт үйлөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча да окуу борборлору ачылууда.
Ал эми 2001-жылдан тарта өлкөдө 5 жашка чейинки жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдарга медициналык камсыздоо бекер жүргүзүлөт”,- дейт министр.


Куноологонго оной,бирок жакшы жашоого умтулуу кыйын.