super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жапа чеккендерге каражат бериле элек"

 

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште депутат Бакыт Шаршеев Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жапа чеккендер тууралуу маселе көтөрүп, аларга үй салып алуу үчүн каражат бериле электигин билдирди. 

Эл өкүлүнүн айтымында, жер титирөөдөн жапа чеккендер "Үйлөрүбүз күзгө чейин кайра тургузулбай калабы?" деп тынчсызданышууда. 

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарака кеткен үйлөрдү кыдырып чыгып, өз корутундусун чыгарып кеткен. Корутунду чыгарылгандан кийин үйлөрү салынууга тийиш болчу. Жер титирөө 2014-жылы 14-ноябрда болгон. Андан бери жарым жыл убакыт өттү, бирок сертификат берилбей же каражаттар бөлүнбөй келет. Эл каражат бөлүнсө, суук түшкөнгө чейин үй тургузуп алсак болот эле деп кабатырланып жатат”,- дейт депутат. 

Шаршеев Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Түп райондорунда да 2012-жылы жер титиреп, өкмөт башчылары жапа чеккен элге 200 миң сомдун сертификатын тапшырып, 50 миң сом каражат берип, 150 миңи калганын, эл үйлөрүнүн пайдубалын куруп алып, калган курулушка каражат күтүп жатканын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: