Ошто окуучулар Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна жардам беришүүдө





Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин окуучулары шаардагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун аянтын реконструкциялоо иштеринин башталышында борбордун айланасын тазалап, гүлдөрдүн көчөттөрүн башка жакка көчүрүп, оңдоп-түзөлө турган жерлерди тегиздеп, бир топ иштерди жеңилдетүүгө жардам беришүүдө.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, аткарылып жаткан иштер аталган борбор тарабынан 30-апрелден 30-августка чейин жарыяланган “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында жүргүзүлүп, мекенибиздеги колдоого муктаж балдарга окуучулар тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат. “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акциянын негизинде борбордун аянтын реконструкциялоодон өткөрүү максатын коюшкан. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканалар, билим берүү тармактарынын өкүлдөрү өз ыктыяры менен келип катышууда.

