super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамырова “жер көчкү жүргөн Кыр-Жол айылындагы мектепти башка жакка жылдыруу керек" деди

 
Депутат Бөдөш Мамырова “жер көчкү жүргөн Кыр-Жол айылындагы мектепти башка жакка жылдыруу керек" деди Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-июндагы жыйынында. Анын айтымында, мектеп дагы көчкү жүрүшү мүмкүн деп эскертилген аймакта жайгашкан. 

“Биз ошол кырсыктан жапа чеккен эл менен жолугушуп, андан кийин мектебинин абалы менен да таанышып чыкканбыз. Мектеп 1930-жылдары курулуптур, абалы өтө оор экен. Жергиликтүү тургундар мектепти башка жакка көчүрүүнү абдан суранышкан эле. Жер көчкү кайра кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү корутунду чыгарып берсе”,- деп сунуштады Мамырова.

Айта кетсек, 24-майга караган түнү эскертүү берилген Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көкчкү жүрүп, 5 үйдү жана бир эмкананы басып калган. Андан 6 адам каза болуп, 5 адам ооруканага жаткырылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: