super.kg logo
  Саясат  

3-октябрдагы митингдин катышуучусу Динара Акматова сотто күбө эмес, жабырлануучу экенин айтты

 

Бүгүн, 21-февралда “ата журтчу” депутаттар боюнча өткөн сотто күбө катары суралып жаткан Динара Акматова жабырлануучу катары суроону соттон өтүндү. Ал 3-октябрда бутунан жаракат алганын айтты. “Чүй-Логвиненко көчөсүнүн кесилишинен жаракат алган баланы көрүп, ага жардам көрсөтөйүн деп бара жатсам, Ак үйдүн тосмосунун ичинен ок атылып, бутума тийди” деди ал. Сотто төрагалык кылган Адылбек Субанкулов аталган аял боюнча дарыгерлердин чечимин окуду. Анда анын эки буту тең октун майда сыныктарынан жаракат алгандыгы жазылгандыгы белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочулар Акматова жаракат алган учурда медициналык текшерүүдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу аны жабырлануучу катары бул соттук ишке кошпоо керектигин айтышты. Субанкулов мамлекеттик айыптоочулардын суранычын канааттандырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: