super.kg logo

Жалал-Абад. Кышка камылга иретинде трансформаторлорду калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат

 

“Жалал-Абад электр” ачык акционердик коому учурда кыш камылгасын көрүп, пландалган жумуштарды аткарууда. Аталган ишканадан кабарлашкандай, бак-дарактарды кыркуу жана электр чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп-түзөө жумуштары башталган. Ал эми компаниянын карамагындагы Сузак жана Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасында атайын жаңы механикалык цех уюштурулуп, анда трансформаторлорду калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Электр жабдууларына тетиктер даярдалып, базар баасынан алда канча арзаны болгонун ишкананын кызматкерлери тастыктайт. Муну менен өткөн жылы “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коому 3 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөгөн. Бул кезге чейин трансформаторлорду жана керектүү тетиктерди кайрадан калыбына келтирүү үчүн атайын цехтер Ош жана Бишкек шаарында гана бар болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: