Мыйзам күчүнө кирди: Каттоодон өтпөй калган 15 миңдей оң рулдуу унаа эмне болору белгисиз

Оң рулдуу унааларга кыргыз жеринин эшиги жабылды

Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алып, президент 26-февралда кол койгон жана мыйзам 3 айдан кийин күчүнө кирери жарыяланган.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын 21-беренеси коммуналдык чарба, айыл чарбасында жолдорду куруу үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, бетон аралаштыргыч, чачып жуугуч машиналарды), кыргыз өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө пункт менен толукталды.
Болжол менен 15 миңдей каттоодон өтпөгөн унаа бар

"Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечиси - ИИМдин Жол-кайгуул кызматы мындай чара оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы көптөгөн автокырсыктардын алдын алууга багытталганын айтууда. Катталбаган унааларды каттоодон өткөрүү менен кырсыктар кандайча азайып калары түшүнүксүз. Мамлекеттик каттоо кызматы көпкө чейин так маалымат жана акыркы чечимди айтпай, айып пулун төлөп каалаган убакта каттоодон өткөрүп алууга мүмкүн экенин билдирип келди. Расмий билдирүүнү апрелдин аягында гана жасады",- деп айтылган кайрылууда.
Оң рулдуу автоунаа сатуу менен алектенгендер бир айдын ичинде унааларын каттоодон өткөрүүгө каражаттары жок экенин билдиришкен. Буга чейин өлкөдө каттоодон өткөрүлө элек 20 миңдей оң рулдуу автоунаа бар экени айтылып келген. Борбор шаарды, облус, райондорду кошкондо акыркы күнгө чейин бир нече миңи гана каттоого алынды. Көбүн ээлери каттоодон өткөрүүгө үлгүрүшкөн жок.
Мамлекеттик каттоо кызматы: "Калган көйгөйдү демилгечилер чечишет"

Калган оң рулдуу унаалардын тагдыры эмне болору бизге да белгисиз. Муну эми демилгечилер чечишет. Балким, каттоо мөөнөтүн кайра узартышат. Бирок биз оң рулдуу автоунааларды каттоону автоматтык түрдө токтоттук",- деп билдиришти мекемеден.
Демилгечилер эмне дешет?
Каттоодон өтпөй калган унаалардын тагдыры эмне болоруна кызыгып мыйзамдын демилгечиси болгон ИИМдин Жол-кайгуул кызматына кайрылдык. Мекеме башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов буларды билдирди:

Эми эмне болот? Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келсе, мыйзамга баш ийишибиз керек. Канча оң рулдуу автоунаа каттоодон өтпөй калды, алардын тагдыры эмне болот, таштандыга кетеби же каттатуунун башка жолу барбы, мен айта албайм. Анткени бул биздин милдетибиз эмес, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет. Биздин демилге күчүнө кирди, башкасына жооп бере албайм".
Демилге парламентте кызуу талкууланган. Депутат Данияр Тербишалиев бул көйгөйдү чечүү үстүндө иштеп жатканын айтат.

Мөөнөттү узартышыбыз керек. Калган унааларды таштандыга ыргытуу социалдык чыңалуу жаратышы мүмкүн. Дагы бир оңой жолу: өкмөт токтом чыгарып, автоунаа ээлерине айып пул төлөтүү менен каттоону уланта бериши керек",- деп билдирди Тербишалиев.
Азырынча кырдаал ушундай, каттоосуз калган оң рулдуу автоунаалар эмне болорун так айтуу кыйын. Баары убакыттан көз каранды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

