Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 24 орунга артка жылып, 177-орунду ээледи

Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 24 орун артка жылды. Рейтинг бүгүн, 4-июнда жарыяланганын уюмдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы бул рейтингде 209 кураманын ичинен 177-орунду ээлеп калды. Буга курама команданын 6 ай бою расмий оюн өткөрбөгөнү түздөн-түз таасир этти (акыркы оюнду 2014-жылы декабрь айында ойногон). Мартта болсо Ооганстан менен жолдоштук оюн аба ырайына жана башка себептерге байланыштуу болбой калган. Май айында курамабыз рейтингде 153-орунду ээлеген.
Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабындагы 10 команда төмөнкүлөр:
1. Германия
2. Бельгия
3. Аргентина
4. Колумбия
5. Бразилия
6. Голландия
7. Португалия
8. Уругвай
9. Франция
10. Испания
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
kama_future_millioner

04.06.2015. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 6 ай ойнобосо акыркы оорунга түшүп калат)))
maksymtegin

04.06.2015. 16:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
демек бул деген соз жылыш жок только назад экенда
abai

05.06.2015. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойнобой эле койгулачы
Ema92

05.06.2015. 23:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде фудбол качан алдыга жылат африка олколору хоккейден чемпион болгондо
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.