super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыспаев парламентте "Биз, эркектер, кайда барабыз? Эркек кесиптештер, намысыңарга келбейсиңерби?!" деди

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Бул долбоор парламентте аялдардын санын жогорулатууга багытталган.

Талкууга катышкан айым депутаттардын бардыгы бул демилгени колдоого алуу керектигин айтышты. Эркек депутаттардын арасынан жалгыз Кожобек Рыспаев сүйлөп, аталган долбоорго каршы пикирин айтты. "Парламентте аялдардын саны жетиштүү. Эгер бул демилгени колдоп чыксак, кийин жаш депутат "жаштардын квоталарын көбөйткүлө", ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген депутат "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин квоталарын көбөйткүлө" деп чыгышат. Биз, эркектер,кайда барабыз? Эркек кесиптештер, намысыңарга келбейсиңерби?!"- деп кайрылды Рыспаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: