super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт лицензияларды соттун чечими менен гана жокко чыгаруу сунушун киргизди

 

4-июнда Жогорку Кеңеште лицензиялык уруксат берүү жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 9 улуттук мыйзамга "лицензиялар соттун чечими менен гана жокко чыгарылат" деген тактоо киргизилүүдө. Мурда ал лицензия берген орган тарабынан жокко чыгарылып келген.

Мыйзам долбооруна ылайык, төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилүүдө:

“Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө”, “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”, “Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Лотереялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” мыйзамдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: