super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев баалуу кен байлыктарына экспорттук бажы алымын киргизүү демилгесине депутаттарды каршы үгүттөдү

 

Жогорку Кеңеш 4-июнда депутаттар тобу тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга (экспорттук) бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Документте сыртка ташылып жаткан баалуу кен байлыктарына экспорттук бажы алымын киргизүү каралган. 

Талкуу учурунда Кожобек Рыспаев депутаттарды мыйзам долбооруна колдоо көрсөтпөөгө чакырды. Анын пикиринде, мындай ойлонулбаган чаралар өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип, көптөгөн ишкерлер өз ишин токтотушат. “Биз бул маселени Казакстандын Балхашына чейин барып терең иликтеп чыкканбыз. Андан көрө өлкө аймагында кен байлыктарды жеринде иштете турган ишканалар курулса, кыйла пайда алып келет”,- дейт ал.

Ал эми депутат Эркин Сакебаев демилгечилер тарабынан мыйзам долбоорун даярдоо жүрүшүндө терең талдоо жасалбай калганын, мыйзамга мындай мамиле кылуу туура эмес экенин баса белгиледи.

Экономика министрлиги мыйзам долбоору бажы тарифитери жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин, ага ылайык, экспорттук бажы тарифин аныктоо өкмөттүн ыйгарым укуктарына кире турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: