Жалал-Абадда укук жана кызыкчылыгы корголбогон мигрант үй-бүлөлөрү тууралуу маселе каралды
Бүгүн, 4-июнда Жалал-Абад шаарында Жогорку Коомдук кеңештин №20-жыйналышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын аймактарындагы мекеме-уюмдар, көрүнүктүү органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, эмгек, миграция жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Алмазбек Асанбаев жыйындын жүрүшүн алып барды.
Мэриядан кабарлашкандай, анда исламдык экстремизм, өлкөнүн түштүк аймагынан Сирияга жөнөгөн аялдардын жана балдардын санынын өсүшү жана аймакта мигранттардын маалымат топтомун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу көйгөйлүү маселелер каралды. Билим берүү маселеси, укук жана кызыкчылыгы корголбогон мигрант үй-бүлөлөрү, тааныштарында калып базалык тейлөөлөрдү албаган мигранттардын балдары тууралуу да кызуу сөз болду. Талкуунун жүрүшүндө балдарды зордук-зомбулуктан жана укугун коргоо боюнча атайын мыйзам кабыл алуу жагы айтылды.

